Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышты
Новость

Бүгүн, 17-июнда КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, КРнын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Өзбекстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. 

Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ташкент дагы бир жолу аймактын келечеги үчүн конкреттүү чечимдерди талкуулоочу аянтчага айланганын белгиледи. 

“Кыргызстан тоо-кен, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууга дайым даяр. Бүгүнкү күндө Борбор Азия Евразиядагы эң келечектүү аймактардын бирине айланууда. Акыркы жылдары региондун өлкөлөрү саясий диалогдун жана экономикалык кызматташтыктын жогорку деңгээлин көрсөтүштү. Ишенимдүүлүктүн, жакшы коңшулаштыктын жана биргелешип өнүгүүнүн жаңы мейкиндиги пайда болууда, бул бүткүл аймактын инвестициялык жагымдуулугун олуттуу жогорулатат”, — деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев. 

Ал эми өз сөзүндө Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын борбору жогорку мамлекеттик расмий кызмат адамдарынын, дүйнөдөгү ири корпорациялардын жетекчилеринин, эл аралык каржы институттарынын аренасына айланганын айтып, форумга катышуу үчүн келген конокторго ыраазычылык билдирди. 

Мындан тышкары Албания Республикасынын Президенти, ошондой эле Азербайжан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын өкмөт башчылары жана башка мамлекеттердин жогорку расмий кызмат адамдары өз мамлекеттериндеги инвестициялык потенциалдары жөнүндө баяндашты, бир катар эл аралык уюмдар менен дүйнөлүк ири каржы институттарынын өкүлдөрү катышты. 

Маалыматтар боюнча, Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна жалпы 100дөн ашуун мамлекеттен экономиканын реалдуу секторунан 4 миңге жакын чет элдик делегат жана 8 миңден ашуун катышуучу катталган. Анда 42 трлн доллар активдери бар компаниялар чогулган.

Адистердин белгилөөсүндө, Ташкент эл аралык инвестициялык форуму – Ташкент үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн масштабдуу окуялардын бири. Форумдун программасына мамлекеттик кызмат адамдарынын деңгээлиндеги пленардык сессиялар, эксперттик талкуу жүргүзгөн жолугушуулар, панелдик сессиялар, тегерек столдор жана B2B сүйлөшүүлөр кирген. Анын алкагында алар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана башка көптөгөн тармактарда эки тараптуу жана көп тараптуу практикалык кызматташуу маселелери талкуулап, инвестициялык келишимдерге кол коюлду.