Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай бүгүн, 17-июнда, Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди.
Жогорку даражалуу меймандын учагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна конду.
Флагштоктордо эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.
Сапардын алкагында эки лидер Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын сүйлөшүүлөрү, ошондой эле маданий иш-чараларга катышуусу мерчемделген.




