Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, кыргыз улуттук музыкалык искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Улукмырза Полотовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Улукмырза Полотов кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө өмүрүн арнап, элдик жана академиялык вокалдык өнөрдүн бийик үлгүсүн жараткан залкар инсан эле. Ал өзүнүн кайталангыс үнү, аткаруучулук чеберчилиги жана комуз менен коштоп ырдоо өнөрү аркылуу кыргыз искусствосунун алтын казынасына өчпөс из калтырды.
Көп жылдык чыгармачылык жана педагогикалык ишмердигинин жүрүшүндө жүздөгөн таланттуу шакирттерди тарбиялап, улуттук ырдоо мектебинин өнүгүшүнө зор салым кошту. Анын аткаруусундагы көптөгөн чыгармалар Кыргызстандын маданий мурасы катары эл эсинде түбөлүк сакталат.
Улукмырза Полотов чыгармачылыктагы улуулугу менен катар адамдык бийик сапаттары, жөнөкөйлүгү, ак ниеттиги, кичипейилдиги жана мекенчилдиги менен да өзгөчө урмат-сыйга ээ болгон инсан эле. Анын өмүр жолу кийинки муундар үчүн өрнөк болуп кала берет.
Кыргыз маданияты бүгүн дагы бир залкар уулунан айрылды. Бул жалпы элибиз үчүн орду толгус оор жоготуу.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине, шакирттерине жана жалпы кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Улукмырза Полотовдун жаркын элеси жана бай чыгармачылык мурасы элибиздин эсинде түбөлүк жашай берет.