МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барды
Новость

Кечээ, 17-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына эки күндүк жумуш сапары менен келди. 

Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү боюнча Эл аралык конференцияга катышат.