Кыргыз Республикасынын бардык телерадиоуктуруу (кабелдик, спутниктик, IPTV, интернет) компанияларына кайрылуу:
Улуттук телерадиоуктуруу корпорациясы 2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин Америка Кошмо Штаттарынын, Мексиканын жана Канаданын аймагында өтө турган футбол боюнча FIFA 2026 Дүйнө чемпионатынын трансляцияларына эксклюзивдүү укуктардын ээси болуп саналаарын маалымдайт.
FIFA Дүйнө чемпионаты - бул дүйнө жүзү боюнча миллиарддаган көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурган жана ар кандай курактагы, социалдык топтордогу калың аудиториянын башын бириктирген эл аралык масштабдагы эң ири спорттук иш-чара. Беттештердин трансляциялары адатта телекөрүүчүлөрдүн жогорку көрсөткүчтөрүн жана аудиториянын активдүү катышуусун көрсөтүп, товарларды, кызматтарды жана социалдык демилгелерди илгерилетүү үчүн натыйжалуу платформа болуп саналат.
Бардык футбол жана спорт сүйүүчүлөрүн ушул эбегейсиз дүйнөлүк окуянын бир бөлүгү болууга жана планетанын эң күчтүү улуттук курама командаларынын оюндарын түз эфирде көрүүгө чакырабыз.
FIFA 2026 Дүйнө чемпионатынын бардык беттештерин "УТРК Спорт" телеканалынан көрүңүздөр жана дүйнөлүк футболдун эң жаркын көз ирмемдерин, унутулгус эмоцияларын жана тарыхый жетишкендиктерин өткөрүп жибербеңиздер.