Аскат Алагозов: Кыргызстан АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишимин кубаттайт
Новость

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды. Анда АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишими тууралуу айтылат.

Билдирүүнүн тексти:

Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттары менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы тынчтык келишимине жетишүүнү кубаттайт.

Бардык катышкан тараптарга, анын ичинде ШКУга мүчө мамлекет - Пакистанга – активдүү ортомчулук аракеттери үчүн, ошондой эле тийиштүү бардык тараптарга бул натыйжага жетишүүгө салым кошкон токтоолугу үчүн ыраазычылык билдиребиз.

БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган нормаларына негизделген пикир келишпестиктерди саясий жана дипломатиялык жолдор менен гана чечүүнү ырааттуу жактап, Кыргыз Республикасы келишимге расмий кол коюу аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга салым кошот деп үмүттөнөт.