Некролог – Улукмырза Полотов
Новость

Кыргыз маданияты жана искусствосу оор жоготууга учурады.

2026-жылдын 17-июнунда 83 жаш курагында музыка өнөрүнүн залкар өкүлү, Кыргыз Республикасынын эл артисти, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, көрүнүктүү педагог, профессор Улукмырза Полотов узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Улукмырза Полотов 1943-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук айылында төрөлгөн. 1968-жылы М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, 1973-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.

Эмгек жолун 1960-жылы Аксы районундагы Кош-Төбө колхозунда эсепчи болуп баштаган. 1994–1998-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунда окутуучу болуп эмгектенген.

1996-жылдан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу, салттык музыка жана фольклор кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген.

Чыгармачыл чөйрөдө Улукмырза Полотовду «Улуу устат» деп аташчу, анткени ал бүгүнкү күндө кыргыз вокал мектебинин өзөгүн түзгөн аткаруучулардын бүтүндөй бир муунун тарбиялап өстүргөн.

Педагог катары ал жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик ырчылык өнөрүн окутуунун программасын жана методикасын иштеп чыккан.

Аткаруучулук чеберчилигинин өзгөчөлүгү – өзү аткарган ырларды өзү комуз менен коштогон.

Ал улуттук опералардын башкы партияларын чеберчилик менен аткарган: Искендердин (А. Малдыбаев, В. Власов жана В. Фере, «Ажал ордуна»), Токтогулдун (М. Абдраев, В. Веприк жана А. Малдыбаев, «Токтогул»), Сапарбайдын (Н. Давлесов, «Аста секин: колукту») партияларын жогорку деңгээлде аткарган. Ошондой эле дүйнөлүк опера искусствосунун белгилүү чыгармаларынан Жермондун (Ж. Верди, «Травиата»), Фигаронун (Ж. Россини, «Севильялык чач тарач»), Мизгердин (Н. Римский-Корсаков, «Аяз кыз») арияларын жана үзүндүлөрүн аткарган. Анын репертуарында кыргыз жана орус композиторлорунун романстары да өзгөчө орунду ээлеген: М. Абдраевдин «Жалыныңа күйгөнмүн», Т. Эрматовдун «Кызыл гүл», К. Молдобасановдун «Селкиге», «Пахтачы кыздын ыры», С. Осмоновдун «Кош», «Булакта», «Эрмегим», А. Жаныбековдун «Түндө», О. Турсуниязовдун «Өмүрүмө», «Сен болбо», ошондой эле П. Чайковскийдин «Дон Жуандын серенадасы», «Булбул», С. Рахманиновдун «Түш», М. Глинканын «Рыцардык романс» жана башка көптөгөн чыгармалары болгон.

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын «Алтын казына» фондуна анын аткаруусундагы 100дөн ашуун ыр кабыл алынган.

Улукмырза Полотовго 1987-жылы «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти», 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардактуу наамдары, 2015-жылы  III даражадагы «Манас» ордени ыйгарылган.

Улуттук маданиятка жана искусствого өмүрүн арнап, Кыргызстандын музыка искусствосунда өчпөс из калтырган көрүнүктүү маданият ишмери, залкар өнөрпоз жана улуу устат Улукмырза Полотовдун жаркын элеси кыргыз элинин, маданият күйөрмандарынын, замандаштарынын, кесиптештеринин жана шакирттеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, бул оор жана орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, У.Э. Маматканов, А.С. Кадыралиев Ч.А. Абыкеев, Ы.Ы. Атажанов, Г.О. Култаева, А.Н. Абдибаева, М.К. Мамбеталиев, Г.Т. Исаматова,       Т.К. Текебаев, М.Т. Саргазаков, С.А. Раев, Садык Шер-Нияз,  К.С. Сартбаева, С. Токтакунова, Д. Жалгасынова, С. Джумалиев,  М.А. Бегалиев, Т.Т. Казаков, К.А. Осмонов, Т.А. Чокиев, К. Мамашова, К.Ы. Турапов, С.М. Садыкова, И.А. Аманбаев, Р. Жумакунов, Р.М. Осмоналиев, А.А. Ибраев, А.Р. Сапаралиев, Б. Кулахматов, А.А. Акматалиев, К.Ш. Дюйшалиев, Ч. Үмөталиева, К.О. Иманалиев, Т. Мураталиев, Т.С. Саламатов, Б.С. Тилегенов, К.А. Тиленчиев, С.Р. Исмаилова, Т.Р. Колдошов, С. Асанкадыр, С.Т. Бейшекеев ж.б.