Садыр Жапаров жана Албаниянын Президенти Байрам Бегай Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай бүгүн, 19-июнда, анын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты.

Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү. 

Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын көрсөтүштү.

Андан соң конокторго кыргыз элинин бай маданий-тарыхый мурастарын чагылдырган инсталляциялар, анын ичинде кол өнөрчүлүк чеберканалары, көчмөндөрдүн салттуу турмуш-тиричилиги жана боз үйдүн жасалгасы көрсөтүлдү.

Этномаданий программа жаа атуу, каскадер атчандардын парады, куш салуу жана байыркы тайган тукумундагы иттердин жарышы сыяктуу салттуу мелдештерди көрсөтүү менен аяктады.