Кыргызстанда юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форуму өз ишин улантууда. Бул тууралуу 19-июнда Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкекте чет элдик коноктор Чыңгыз Айтматовдун атактуу “Ак кеме” чыгармасынын урматына аталган жаңы “Ак-Кеме” мейманканасына жайгаштырылды. Эртең менен чет өлкөлүк жана жергиликтүү катышуучулар “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барышып, улуу жазуучунун элесине багышталып куран окулуп, реквием өткөрүлдү.
Комплекстеги экскурсиядан кийин катышуучулар чартердик каттам менен Ысык-Көлгө жөнөп кетишти. “Рух Ордо” маданий-тарыхый борборунда Форумдун расмий ачылышы болуп өттү. Иш-чара Форумдун тарыхын, анын гуманисттик ролун жана заманбап Кыргызстандын жетишкендиктерин чагылдырган видеосерепти көрсөтүү менен башталды.
Расмий ачылыш Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзү менен башталды. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Чыңгыз Айтматовдун гуманисттик идеяларынын актуалдуулугун жана Форумдун заманбап коомдун саясат, экология, адеп-ахлактык тарбия маселелерин талкуулоочу аянтча катары маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Форумдун модератору, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев мааракелик иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзүн сүйлөө үчүн ардактуу конок катары Албаниянын Президенти Байрам Бегайды чакырды.
Андан соң Казакстан, Россия жана Түркиянын делегация башчылары өз өлкөлөрүнүн президенттеринин куттуктоо каттарын окушту. Анда Форумдун жана Кыргызстандын интеллектуалдык диалог менен дипломатиянын аянтчасы катарындагы ролу баса белгиленди.
Форумдун иши БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Гравенин, Түрк мамлекеттери уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин, ICESCOнун Башкы директору Салим Бин Мухаммед Аль-Маликтин жана ЮНЕСКОнун Алматыдагы жана чөлкөмдөгү директору Амир Пиричтин чыгуулары менен уланды.
18-июндагы программанын алкагында биринчи пленардык сессия өтүп, анда Кытай, Улуу Британия, Россия жана Кыргызстандын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү:
- Чжан Хунсэнь — КЭР Жазуучулар союзунун төрагасы;
- Питер Франкопан — Оксфорд университетинин профессору (Улуу Британия);
- Василий Церетели — сүрөтчү, Россия көркөм сүрөт академиясынын президенти (Россия);
- Осмонакун Ибраимов — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, жазуучу жана коомдук ишмер.
Сөз сүйлөгөндөрдүн ар бири Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк гуманизмдин устаты катары гениалдуулугун жана Форумдун тынчтык, коопсуздук жана жаратуучулук жолундагы эл аралык натыйжалуу диалогдун ордосу катары ролун өзгөчө белгилешти.
Форум өз ишин 19-июндан 21-июнга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде улантат.

