Ош шаарында адам сатууга каршы координациялык кеңештин жыйыны өттү
Новость

Ош шаарынын мэриясында Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынга Координациялык кеңештин мүчөлөрү, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

 Эске салсак, Кыргызстанда "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзам иштейт. Ушул мыйзамды Ош шаарында аткаруу үчүн мэриянын алдында атайын Координациялык кеңеш түзүлгөн.

 Бүгүнкү күндө адам сатуу маселеси Ош шаарынын мэриясынын көзөмөлүндө. Шаарды ички иштер башкармалыгына, социалдык кызматтарга так тапшырмалар берилди. Ал эми мечит имамдарына жашы жете элек кыздарга нике окубоо боюнча эскертүүлөр айтылды. Шаарда адам сатуу фактысы расмий каттала элек болсо да, анын алдын алуу боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат.

 Дүйнөлүк статистика боюнча ар бир 150-адамдын бири заманбап кулчулуктун кандайдыр бир түрүнө туш келет. Азыр дүйнө жүзүндө 50 млнго жакын адам кулчулукта. Ошондуктан бул маселени көз жаздымда калтырууга болбойт.