МинКаб башчысы Адылбек Касымалиевдин Россия Федерациясына болгон жумуш сапары аяктады
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына болгон жумуш сапары аяктады.

Жумуш сапардын алкагында МинКаб башчысы  Санкт-Петербург шаарында өткөн «Маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү» эл аралык конференциясында  сөз сүйлөдү.

Мындан тышкары Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде «Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана кыргыз-орус мамилелеринин учурдагы өнүгүүсү» темасында мейман лекция окуду.

Жумуш сапары аяктаган соң, МинКаб Төрагасы 2026-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарына кайтып келди.