Ошто жаңы Жибек жолу базары ачылды
Новость

21-июнда Ош шаарынын борбордук базарында Жибек Жолу базары ачылды. Анда 1400 соода орундук даярдалган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы ачылды.

Жибек Жолу базарына эски келечек базарындагы ижарада соода кылгандар биринчилерден болуп соода орун алып жайгашкан.  Андан башка дагы 4 ангар бар. Анда Ош көчөсүндө соода кылган килем, эмерек базары  көчүп келген. Шейит-Дөбөдөгү курулуш материал саткан базар жайгашкан. 

Чоң кафелер Чыгдан, Төрт казан сыяктуу 11ге чукул тамактануучу жайлары бар. Сулуулук салондору, кийим кечек саткандар да орун алган. 

Расмий салтанатка Ош шаарынын мэринин орун басарлары, шаардык кеңештин Төрагасы Болот Баетов, жеке ишкерлер, коноктор катышты. 

Майрам концерттик программа менен коштолуп, Керим Турапов, Самара Каримова, Нурлан Насип, Freeman 996 сыяктуу эстрада жылдыздары элге жакшы маанай тартуулады. 

Иш-чаранын жүрүшүндө лоторея ойнотулуп, баалуу белектер, автоунаа белекке коюлду.