Бүгүн, 22-июнда таңкы саат 05:00дө Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолундагы унаа кыймылы эки багытта толук калыбына келтирилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жолдун 361–370-чакырым аралыгына 21-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел түшкөн.
Жеринде атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлгөн. Натыйжада жол толук тазаланып, каттам кайрадан ачылды.
Учурда аталган тилкеде жолду кеңейтүү иштери улантылууда.


