Таласта эки күндө 9 жаратылыш кырсыгы катталды
Новость

Талас облусунда 20-21-июнь күндөрү 9 жаратылыш кырсыгы катталып, Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак жайлар, айдоо жерлер жана мал-жандыктар жабыркады.

Ошондой эле Көк-Кашат айылында мөндүрдөн улам 80 гектардан ашык айдоо аянты зыян тартты. Бүгүн облус башчысы Эрмат Жумаев өткөргөн ыкчам кеңешмеде кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча атайын комиссия түзүлүп, тиешелүү кызматтарга ыкчам чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, аба ырайынын кооптуу шарттарына карабастан эс алуучуларды Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына киргизүүгө уруксаат берген жооптуу кызматкерлердин аракеттерине да баа берилери айтылды.