Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-июнда, Чолпон-Ата шаарында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий жана экономикалык өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл буруп, эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча кеңири пикир алмашышты.
Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн туруктуу өнүгүп жатканын баса белгилеп, эртең өтө турган Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын мындан ары илгерилетүүдө маанилүү кадам болоруна ишеним билдирди.
Өз кезегинде Абдулла Арипов Мамлекет башчысына жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Шавкат Мирзиёевдин саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди.
Өзбекстандын Премьер-министри эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда жетишилген жогорку деңгээлдеги макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу үчүн зарыл болгон аракеттерди көрүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов эки өлкөнүн элинин бакубаттуулугу жана Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсү үчүн достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк духунда кыргыз-өзбек мамилелерин биргелешкен аракеттер менен ырааттуу бекемдөөгө мындан ары да даяр экендигин ырасташты.
****


