Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылында жаңы спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызмаьы Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 37 миллион сомду түзөт.
Жаңы спорт комплекси заманбап стандарттарга жооп берет. Анда волейбол жана баскетбол аянтчалары, ошондой эле машыгуу залы каралган. Мындан тышкары машыктыруучулар үчүн кабинет жана бардык шарттары каралган кийим алмаштыруучу жайлар болот.
Учурда объекттин курулушу дээрлик аяктап, сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.




