УТРК көрүүчүлөрдү дүйнөлүк маданий долбоорлор менен тааныштыруу багытындагы ишин улантууда. 2026-жылдын биринчи жарымында Шинжаң эл аралык Жаз майрамынын гала-концертин эфирге чыгарды.
Жибек жолу аркылуу байланышкан элдердин маданий жакындыгын чагылдырган бул масштабдуу концерт - көп улуттуу Шинжаң маданиятын, жаңы жылдык салттарын жана эл аралык достукту даңазалады. Жибек жолун байланыштырган жаңы жылдык көркөм майрам - "2026-жылкы Шинжаң эл аралык Жаз майрамынын гала-концерти" тууралуу талдоону жарыялайбыз.
2026-жыл - Кытайдын Ай календары боюнча жалындуу жылкы жылы болуп саналат. Жаз майрамы - кытай элинин эң маанилүү салттуу майрамы. Үй-бүлөлүк ынтымакты, жакшылык тилөөнү жана жаңы башталышты символдоштурат. Кытай маданиятында жылкы өнүгүүнүн, аракетчилдиктин жана ийгиликтин белгиси катары кабыл алынат. Ошол эле учурда жылкы кыргыз эли үчүн да эркиндиктин, кайраттуулуктун жана күчтүн символу болуп эсептелет.
Жаңы жылдык майрам күндөрү "2026-жылкы Шинжаң эл аралык Жаз майрамынын гала-концертинин" кыргыз тилине которулган версиясы Кыргызстандын Улуттук телерадиокорпорациясынын бардык платформаларында көрсөтүлүп, телеканалдан, расмий сайттан, мобилдик тиркемеден жана YouTube баракчасынан көрүүчүлөргө жеткирилди. Бул кыргызстандыктар үчүн Кытайдын жаңы жылдык салттуу маданияты менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк жаратты.
Концертке ондон ашык мамлекеттен келген өнөрпоздор катышып, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн элдик өнөрү да көрсөтүлдү. Көчмөн элге мүнөздүү салттар жана маданий өзгөчөлүктөр кыргыз көрүүчүлөрүнө өзгөчө жакын сезилди. Ошондой эле концерттин алкагында дүйнөнүн 9 өлкөсүндөгү 13 шаардан келген чет өлкөлүк достор жана кытай диаспорасынын өкүлдөрү жаңы жылдык куттуктоолорун жолдошту. Алардын арасында Бишкек жана Токмок шаарларынын тургундарынын да видеокуттуктоолору орун алды. Миң жылдык тарыхы бар Жибек жолу аркылуу калыптанган байланыштар эки элдин маданий жакындыгын дагы бир жолу көрсөттү.
Жылкынын образы концерттин негизги темаларынын бири болду. Заманбап санариптик технологиялар аркылуу Теңир-Тоонун жана Кунлунь тоолорунун арасында чуркаган тулпарлардын таасирдүү көрүнүштөрү чагылдырылды. Жылкы - кытай элинин салттуу маданиятында маанилүү орунду ээлесе, Кыргызстанда өз алдынча өнүккөн көчмөн цивилизациясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Эки элдин тарыхый өнүгүү жолу ар башка болгону менен, эмгекчилдикти, өжөрлүктү жана алдыга умтулууну баалаган руханий баалуулуктары окшош.
Концертте классикалык поэзия, салттуу элдик музыка, заманбап рэп жана жаңы музыкалык агымдар айкалыштырылды. Элдик чыгармалар заман талабына ылайык кайрадан иштелип чыгып, улуттук өзгөчөлүгүн сактоо менен жаңыча өңүттө сунушталды. Кыргыз тилиндеги котормо болсо тил тоскоолдугун жоюп, көрүүчүлөргө Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган ар түрдүү улуттардын бай маданиятын жакындан таанып-билүүгө өбөлгө түздү.
Кыргызстан менен Шинжаң аймагын миңдеген жылдардан бери Жибек жолу байланыштырып келет. Мамлекеттик коомдук медиа катары мындай концерттерди көрсөтүү өлкөбүздүн маданий мазмунун байытып, түрдүү элдердин өз ара түшүнүшүүсүн чыңдоого кызмат кылат.
Мындан ары да УТРК сапаттуу чет элдик маданий долбоорлорду көрүүчүлөргө тартуулап, элдердин достугун жана өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөгө салым кошууну улантат.
"2026 Жуңго Шинжаң эл аралык жаз майрамы" концертин көрүүнү сунуштайбыз.


