Ошто үйү бузулган жарандарга жаңы турак жай берилүүдө
Новость

Ош шаарындагы Ош көчөсүн кеңейтүү иштеринин алкагында жолго жакын курулган курулуштарды түрттүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда айрым турак жайлар менчик ээлери тарабынан өз ыктыяры менен бузулууда. Ал эми жолдун курулушуна тоскоолдук жараткан объектилер шаардык кызматтар тарабынан мыйзам чегинде буздурулууда.

Учурда Ош шаарынын мэриясынын атайын комиссиясы кенемте төлөп берүү маселесин карап жатат. Биринчи этапта үйү толук түрдө бузулган жарандарга кенемте каралган. Жарандарга “Эне-Сай” жаңы конушунан даяр турак жай же аталган аймактан жер тилкеси берилүүдө. Ушу тапта үйү бузулган жарандар жаңы жайга көчүп жатышат. 

Кенемте төлөө тартиби мыйзамга ылайык, ачык-айкын жүргүзүлөт. Жарандардын укуктары толук сакталат.