Бишкектеги Алыкулов 1 дарегинде жайгашкан №42 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу текшерилди. Бул тууралуу курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаада курулуп жаткан билим берүү объектилерин кыдырып, №42 мектептин 385 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу менен таанышты.
Объекттин курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоорго ылайык, үч кабаттуу жаңы корпуста заманбап окуу класстары, жыйындар залы, ашкана, азык-түлүк сактоочу кампа жана спорт залы каралган.
Учурда объекттин экинчи кабатында кыш коюу иштери аяктап, спорт зал менен ашкананын экинчи кабатында колонналарды тургузуу иштери жыйынтыкталууда.
Текшерүүнүн жүрүшүндө министр Нурдан Орунтаев курулуш материалдарынын сапатына, жумушчулардын санына жана курулуштун жүрүшүнө өзгөчө көңүл буруп, аткаруучу уюмга жумушчу күчтү көбөйтүү тапшырмасын берди.
Жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилгенден кийин окуучулар үчүн кошумча орун түзүлүп, билим алуу үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттар камсыздалат.

