Талас облусунун Талас районундагы Чоң-Токой айылынын четинде Талас дарыясына түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда.
ӨКМдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 23-июнунда 2011-жылы туулган Т. уулу Б. аттуу өспүрүмдүн дарыяга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерде суудан издөө иштери жүргүзүлүүдө.
24-июнда издөө иштерине Талас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 23 куткаруучу, Талас шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлумүнөн 15 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 22 кызматкер, ошондой эле туугандары жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды.
Жалпысынан издөө иштерине 90 адам катышууда. Кошумча маалымат берилет.