Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарынын жана Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле аймакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган келечектүү долбоорлор менен таанышты.
Мамлекет башчысына маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров айтып берди.
Презентация учурунда акыркы жылдары аймакта инфраструктураны өнүктүрүү, социалдык объектилерди куруу жана инвестицияларды тартуу боюнча иштер бир топ жанданганы белгиленди.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалыматы боюнча, Нарын шаарынын бюджети 350 млн сомго жетти, бул жүргүзүлүп жаткан иштердин көлөмүн олуттуу көбөйтүүгө жол ачты. Учурда шаарда саламаттыкты сактоо мекемелери, спорт объектилери, социалдык инфраструктура объектилери жана негизги шаардык көчөлөр сыяктуу 43 объект бир учурда курулуп жана реконструкцияланып жатат.
Жарандарды турак жай менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Шаарда жалпы наркы 750 млн сомду түзгөн мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү куруу программасы ишке ашырылууда. Мындан тышкары инвесторлор ооруканаларды, турак үйлөрдү, ишканаларды жана башка социалдык маанилүү объектилерди курууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте көпүрөлөрдү куруу жана кеңейтүү, ошондой эле шаар инфраструктурасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу уланып жатат.
Нарын шаарындагы жылуулук станциясын реконструкциялоону жана заманбап жылуулук насосторун киргизүүнү камтыган жылуулук менен камсыздоо тутумун модернизациялоо долбоору тууралуу да айтылды.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, балдар аянтчаларын куруу жана шаардык сейил бакты реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
Нарын районун өнүктүрүүнүн натыйжалары да көрсөтүлдү. 2021–2025-жылдары анын аймагында жалпы суммасы 714,2 млн сомду түзгөн 40 объект ишке киргизилген, анын ичинде мектептер, фельдшердик-акушердик пункттар, бала бакчалар, спорттук объектилер жана мини-футбол аянтчалары бар.
Жол тармагында 48,7 чакырым жол асфальтталган жана көпүрө курулган. Ирригация жаатында 323,7 млн сомдук долбоорлор ишке ашырылып, 21 чакырым канал оңдолгон. Райондун он айылында жалпы наркы 615 млн сом болгон ичүүчү суу менен камсыздоо системалары модернизацияланды.
Райондо өнөр жай өндүрүшү туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 8,6 млрд сомго чейин көбөйдү. Инвесторлорду тартуу менен 3,5 млрд сомдук Куланак ГЭСин, 875 млн сомдук 20 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын жана кирпич заводун куруу долбоорлору ишке ашырылууда.
Презентацияда Нурбек Сатаров кошумча көңүл бурууну талап кылган бир катар актуалдуу маселелерди да айтты. Тактап айтканда, Нарын шаарында беш миңге жакын тургун турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж. Курулуп жаткан ипотекалык үйлөр учурдагы муктаждыктын бир бөлүгүн гана канааттандырат. Буга байланыштуу Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп берилген жер тилкелеринде кошумча турак жай курууну баштоо сунушталды.
Мындан тышкары совет мезгилинде курулган шаардык канализация системасын модернизациялоо, жол иштеринин темпин тездетүү, ошондой эле калктуу конуштарды сел коркунучунан коргоо боюнча кошумча чараларды көрүү зарылчылыгы белгиленди. Шаардын аймагында 80ге жакын кооптуу тилке бар экени, аларда жээк бекемдөө жана коргоо иштерин жүргүзүү талап кылынары айтылды.
Президент Садыр Жапаров презентациянын жыйынтыгын чыгарып, Нарын облусун өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калаарын баса белгиледи.

