Бүгүн, 24-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун тургундары менен жолугушту.
Жашоочулар саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү, калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, жайыттарды пайдалануу, жарандарды социалдык колдоо, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана сот тутумунун ишин өркүндөтүү боюнча ар кандай суроолорду көтөрүштү.
Медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жашоочулар медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү, текшерүүлөрдү жүргүзүү жана адистердин жетишсиздигине байланыштуу көйгөйлөрдү белгилешти. Мамлекет башчысы өлкөдө саламаттыкты сактоо тутуму модернизацияланып, калкты тейлөөнүн сапатын жана ыкчамдыгын жогорулатуу максатында медициналык кызматтар санариптештирилип жатканын айтты.
Мындан тышкары, айыл аймактарын өнүктүрүү, социалдык объектилерди куруу жана ишкердик демилгелерди колдоо маселелери талкууланды. Атап айтканда, тургундар бала бакча куруу, токойлорду сактоо жана өнүктүрүү, айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштар менен кайрылышты. Садыр Жапаров бардык демилгелер мамлекеттик бюджеттин учурдагы нормаларын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен караларын белгиледи.
Тургундар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо, социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатуу, билим берүү мекемелерин логопеддер жана инклюзивдик билим берүү боюнча адистер менен камсыздоо сыяктуу социалдык мүнөздөгү бир катар маселелерди көтөрүштү. Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга айтылган сунуштарды иштеп чыгып, тийиштүү чечимдерди берүүнү тапшырды.
Жолугушууда соттук иштерге, жер талаштарына, укук коргоо органдарынын ишине жана сот чечимдерин аткарууга байланыштуу айрым кайрылуулар айтылды. Мамлекет башчысы ар бир кайрылууну мыйзам чегинде калыс, ар тараптуу жана адилеттүү кароонун зарылдыгын баса белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга берилген материалдарды кылдат изилдөөнү тапшырды.
Өзгөчө көңүл оор операцияларга жана органдарды трансплантациялоого муктаж адамдарга медициналык жардам көрсөтүү маселесине бурулду. Президент мамлекет ата мекендик медицинанын мүмкүнчүлүктөрүн ырааттуу кеңейтип, жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып жатканын айтты.
Чакан жана орто бизнести колдоо тууралуу сөз кылып, Садыр Жапаров ишкерлерге өз ишин өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарда каржылоо алууга мүмкүндүк берген жеңилдетилген насыя берүүнүн мамлекеттик программалары бар экенин эске салды.
Жолугушуунун соңунда Президент көтөрүлгөн бардык маселелер көзөмөлдө болорун, ал эми мамлекеттик органдар аларды мыйзамда белгиленген тартипте, өз убагында жана калыс кароого милдеттүү экендигин баса белгиледи. 