Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолундагы каттам толугу менен калыбына келтирилди
Новость

Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолундагы каттам толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 2026-жылдын 24-июнда саат 14:30 чамасында Ош облусунун Алай районунда нөшөрлүү жамгырдан кийин, Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолунун 58+200 чакырымында сел жүргөн. 

Натыйжада унаа кыймылы убактылуу үзгүлтүккө учураган. Министрликтин №959 Жол эксплатациялоо мекемеси тарабынан кырсыктын кесепеттерин жоюуга ыкчам түрдө атайын техникалар тартылган. 

Жолчулар тарабынан жолду сел калдыктарынан тазалоо жана суу жеп кеткен тилкелерди калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлдү. 

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, 1,5-2 сааттын аралыгында унаа жолу тазаланып, убактылуу чектөөлөр алынды. Учурда каттам толугу менен ачык жана унаалар үзгүлтүксүз каттоодо.