Ош–Тамчы-Ош авиакаттамы сезондук учууларды баштады
Новость

Ош–Тамчы–Ош багыты боюнча сезондук учуулар 24-июнда башталды. Бул тууралуу Асман Эйрлайнс авиакомпаниясынан билдиришти.

Бул жайкы сезондогу алгачкы учуу билеттеринин баасы акция алкагында бир тарапка 1000 сомдон болуп, 80 орун толугу менен сатылган. Билеттердин баасы бир тарапка 6500 сомдон болот. Каттамдар дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү иштейт. Учуулар сентябрь айына чейин аткарылат.