Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун активи жана тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда жашоочулар жарандардын укуктарын коргоо, сот иштерин кароо, жер маселелери, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактары, ишкерликти жана айыл чарбасын колдоо сыяктуу бир катар маанилүү маселелерди көтөрүштү.
Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү айрым соттук териштирүүлөргө, кылмыш иштерине жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болду. Жарандар сот чечимдерин кайра карап чыгуу, тергөө иштеринин мыйзамдуулугун текшерүү жана алардын кайрылууларына калыс баа берүүнү өтүнүштү.
Мамлекет башчысы мындай маселелердин баары мыйзам чегинде гана каралышы керектигин белгилеп, тармактык мамлекеттик органдарга ар бир кайрылууну кылдат иликтөөнү тапшырды.
Жолугушууда жер маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тургундар жер тилкелерине болгон менчик укугу боюнча талаш-тартыштар тууралуу айтып, бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.
Мындан тышкары социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө байланышкан маселелер да көтөрүлдү. Жергиликтүү тургундар жаңы социалдык объектилерди куруу өтүнүчү менен кайрылышып, алардын катарында спорт комплекси, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор бар экенин белгилешти. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишине байланышкан маселелер айтылып, жаңы мечит куруу жана спорт менен машыгууга шарттарды жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.
Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү райондогу сезондук ишкердиктин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен салык саясатын өркүндөтүү боюнча сунуштарын айтышты. Президент көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан карап чыгып, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун иштеп чыгууну тапшырды.
Ошондой эле мектептерди куруу жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, унаа жолдорунун сапатын жакшыртуу, айрым категориядагы жарандарды турак жай менен камсыз кылуу, документтерди тариздөө жана оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана жарандарды социалдык жактан колдоо маселелери боюнча да кайрылуулар болду.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров тургундардын бардык кайрылуулары көзөмөлдө болорун айтып, мамлекеттик органдар аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз убагында, калыс жана ар тараптуу кароого милдеттүү экенин баса белгиледи.
