Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Грузиянын салык органынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Новость

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Грузияга болгон иш сапарынын алкагында  жергиликтүү салык органынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын максаты эки өлкөнүн салык органдарынын ортосунда салык салуу жаатында тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү.

Иш сапарынын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов Грузиянын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер кызматынын жетекчиси Михаил Маглакелидзе менен жолугушту.

Салык кызматынын төрагасы Грузияда ишке ашырылган жана салыктык жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу реформалардын жыйынтыктары ийгиликтүү тажрыйбанын маанилүү үлгүсү экенин белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасында да Салык кызматын модернизациялоо боюнча активдүү иштер уланып жатканын баса белгиледи. Санариптик кызматтар киргизилип, салыктык башкаруунун ыкмалары өркүндөтүлүүдө, тобокелдиктерге негизделген механизмдер жакшыртылып, салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапаты жогорулатылууда. Ошондой эле ведомствонун уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

"Биздин өлкөнүн аймагы болжол менен 70 пайыз тоолуу жерлерден турат. Өлкө гидроэнергетика тармагында чоң мүмкүнчүлүккө жана пайдалуу кендердин бай запастарына ээ. Акыркы жылдары экономиканын туруктуу өсүшү байкалууда: номиналдык өсүш болжол менен 18 пайызды, ал эми реалдуу өсүш 11,1 пайызды түзүүдө. Бул өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы динамикасын чагылдырат. Өткөн жылга салыштырмалуу салыктык түшүүлөр 135 пайызга өсүп, пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты. Постсоветтик өлкөлөрдүн арасында бизде эң ыңгайлуу салык режимдери колдонулат. Экономиканын негизги кыймылдаткыч күчтөрү болуп өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба тармагы саналат», – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Грузиянын Кирешелер кызматынын башчысы Михаил Маглакелидзе жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктарына кызыгуу көрсөтүлгөнү үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди белгиледи.

Мындан тышкары, ал туризм жана айыл чарба сыяктуу тармактарда чоң мүмкүнчүлүккө ээ болгон эки мамлекеттин тең тоолуу өлкөлөр экенине көңүл бурду.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө Грузиянын Кирешелер кызматынын өкүлдөрү бир катар презентацияларды өткөрүп, кыргызстандык кесиптештерин мекеменин түзүмү, жүргүзүлгөн реформалар, өнүгүүнүн стратегиялык багыттары, колдонулуп жаткан мыйзамдар, ошондой эле аналитикалык жана операциялык ишмердүүлүк боюнча методологиялар жана ыкмалар менен тааныштырышты.

Иш сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн салык органдарынын ортосунда эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого жана практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документ тажрыйба алмашууну кеңейтүү, салыктык башкаруунун мыкты тажрыйбаларын киргизүү, ошондой эле санариптештирүү, аналитика жана салык кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу багыттарында өз ара байланыштарды тереңдетүүнү карайт.