Дүйнө чемпионаты-2026: Түркия тайпалык баскычтагы акыркы оюнда АКШны 3:2 эсебинде утту
Новость

Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында 26-июнда D тайпасында 3-турдун оюндары жыйынтыкталды. Анда АКШ менен Түркия ортосунда беттеш орун алды. Оюндун 3-мүнөтүндө америкалык Остон Трасти эсепти ачты. 

10-мүнөттө түркиялык Арда Гүлер гол киргизип, эсепти теңдеди. 31-мүнөттө Барыш Йылмаз өз командасына экинчи голду алып келди. 

Америкалык Себастьян Берхалтер 49-мүнөттө гол киргизип, эсеп 2:2 болду.

Беттеш соңунда кошумча берилген мүнөттө 90+8 Каан Айхандын голу Түркия курамасына жеңиш алып келди. Түркиялыктар биринчи жана экинчи турдагы оюндарда жеңилүү ызасын тартып калышкан эле. Тайпадагы жалгыз жеңиши менен 3 упайга гана ээ болуп, акыркы орунда калды.

Бул тайпадагы Парагвай менен Австралия беттеши 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Тайпадагы турнирдик таблица:

АКШ - 6 упай.
Австралия - 4 упай.
Парагвай - 4 упай.
Түркия - 3 упай.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.