Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарындагы борбордук стадион 67 жылдан кийин заман талабына ылайык толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Капиталдык реконструкция иштери Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылды.
Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен каралып, жалпы наркы 109 миллион сомду түздү.
Жаңы стадиондо эл аралык стандарттарга жооп берген, аянты 6 661 чарчы метр болгон футбол талаасы, 3 393 чарчы метрди түзгөн жеңил атлетикага арналган жол, 2 400 көрүүчүгө ылайыкталган орундуктар жана административдик корпус курулду.
Реконструкция иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, курулуштун ар бир этабы техникалык талаптарга ылайык текшерүүдөн өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Шамалды-Сай стадиону 1959-жылы курулуп, ушул күнгө чейин бир да жолу капиталдык реконструкциядан өткөн эмес.







