Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жарандар унааларын түз эле жайыттын үстүнө айдап чыгып, өсүмдүк катмарын тебелеп, жер кыртышына зыян келтирип жаткан фактылар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.
Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын рейддик иш чараларынын жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 6 жаранга протокол түзүлүп, 33000 сомго административдик чаралар көрүлдү.
Учурда мындай рейддик иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүдө. Жайыттарды мыйзамсыз тебелеп-тепсөө жана бузуу фактылары үчүн мыйзамдарга ылайык административдик жоопкерчилик каралган. Эреже бузгандарга 5 500 сомдон 20 000 сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.