Бүгүн, 26-июнда өлкөдөгү мектептерде 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтери тапшырылат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2025-2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу, ал эми 9-классты 135 миң 979 окуучу аяктап жатат.
Документти тапшыруу иш-чарасын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздук чараларын камсыз кылуу жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.