Талас дарыясына түшүп кеткен өспүрүмдү 400дөй адам издеп жатат
Новость

Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө уланууда. Бул тууралуу 26-июнда ӨКМнын Талас башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, 23-июнда Талас районунун Чоң-Токой айылында 2011-жылы туулган өспүрүм дарыяга агып кеткен.

Издөө-куткаруу иш-чараларына ӨКМдин Талас шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 16, Талас райондук бөлүмүнөн 25, Бакай-Ата райондук бөлүмүнөн 11, Айтматов райондук бөлүмүнөн 6, Манас райондук бөлүмүнөн 8 куткаруучу тартылган. Мындан тышкары, токой чарбасынан экология кызматынан 25, Чек ара кызматынан 13, ИИМден 85 кызматкер, ошондой эле башка мекеме-уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышып, жалпы 400 ашык адам издешүүдө. Дарыядагы суунун деңгээлинин жогору жана агымдын өтө катуу болушу издөө иштерин кыйла татаалдаштырууда.

Издөө иштери дарыянын жээктеринде жана кооптуу тилкелеринде күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, бардык мүмкүн болгон аймактар кылдат текшерилүүдө. ӨКМ тарабынан издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз улантылып, кырдаал көзөмөлдө болууда.