Таласта жаңыланган борбордук парк 27-июнда пайдаланууга берилет
Новость

Таластагы 18 жылдан кийин жаңыланган борбордук парк 27-июнда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Талас шаарындагы борбордук сейил бакты реконструкциялоо иштери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Ал эми курулуш-монтаждоо иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.

Реконструкцияланган сейил бактын жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Башкы планга ылайык, парк аймагында 8 аттракцион, оргума, балдар жана үй-бүлөлөр үчүн эс алуу аймактары, унаа токтотуучу жай, ошондой эле көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери аткарылды. Мындан тышкары, паркка тышкы жарыктандыруу системасы орнотулуп, шаар тургундары үчүн заманбап жана коопсуз шарттар түзүлдү.

Белгилей кетсек, Талас шаарындагы борбордук парктын аттракциондору 2008-жылдан бери пайдаланууга жараксыз абалда болуп келген. Арадан 18 жыл өткөн соң парк толугу менен жаңыланып, кайрадан шаар тургундарынын жана конокторунун эс алуусу үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндикке айланды.

Борбордук парктын расмий ачылышы 2026-жылдын 27-июнунда өтөт.