Бүгүн 26-июнда Кегетиде сууга агып кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси кырсык болгон жерден болжол менен 2–3 чакырым алыстыкта табылды. Аны издөө иштерине көмөктөшүп жүргөн жарандар табышкан. Бул тууралуу ӨКМнын Чүй облустук башкармалыгы билдирди.
2026-жылдын 23-июнь күнү Чүй районундагы Кегети дарыясына эс алууга барган жарандардын унаасы жардан кулап, дарыяга түшүп кеткен. Кырсык айдоочу унааны токтотуп, эс алууга жай карап чыгуу үчүн сыртка чыккан учурда болгон. Бул маалда унаада жети киши болгон.
Эки аял жана үч бала унаадан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ал эми 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала шар аккан сууга түшүп кетишкен. Куткаруучулар жана ыктыярчылар издөө иштерин жүргүзүп, эки сааттан кийин өспүрүм кыздын жансыз денесин табышкан.
25-июнда кыздын сөөгү жерге берилгени маалым болду. 6 жаштагы баланы издөө иштери улантылып, ага миңдеген жарандар жардамга чыкканы кабарланган.
Маркумдун өздүгү туугандары тарабынан такталып, тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.