Жогорку Кеңеш жайкы эс алуу тарады
Новость

25-июнда VIII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясы аяктады. Депутаттар 1-сентябрга чейин эс алууга тарашты.

Төрага Марлен Маматалиев жыйынтыктоо сөзүн сүйлөп, сессия мезгилинде жасалган иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Тагыраагы Төрага Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк, көзөмөлдөө жана эл аралык кызматташтык багыттарындагы ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктарына токтолду.

Төраганын айтымында, отчеттук мезгилде 43 жыйналыш өткөрүлүп, парламентке келип түшкөн 182 мыйзам долбоорунун ичинен 145 мыйзам кабыл алынган. Президент тарабынан 94 мыйзам долбооруна кол коюлган.