Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсү менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда министрликтин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө:
- курулуш иштеринин бекитилген долбоордук-сметалык документацияга ылайык жүргүзүлүшү;
- колдонулуп жаткан курулуш материалдарынын сапаты жана тиешелүү шайкештик документтеринин болушу;
- темир-бетон конструкцияларынын, арматуралык иштердин жана бетон куюу иштеринин сапаты;
- курулуш журналынын жана аткаруу-техникалык документтеринин талапка ылайык жүргүзүлүшү;
- эмгекти коргоо, өндүрүштүк жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышы;
- курулуш аянтчасындагы жарандардын жана жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын аткарылышы каралды.
Мындан тышкары, жооптуу аткаруучу уюмга курулуш иштерин Кыргыз Республикасынын курулуш мыйзамдарынын, мамлекеттик курулуш ченемдеринин жана техникалык регламенттердин талаптарына ылайык жүргүзүү боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.


