Агартуу министрлиги жаңы окуу жылындагы өзгөрүүлөр тууралуу билдирүү таратты
Новость

2026–2027-окуу жылын жалпы билим берүү уюмдарында 2026-жылдын 15-сентябрында баштап, 2027-жылдын 25-майында аяктоо пландалууда. Бул тууралуу агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитинин жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын өткөрүлүшүнө байланыштуу сунушталууда.

Жалпы билим берүү уюмдарында окуу программаларынын жана окуу пландарынын толук аткарылышын камсыздоо максатында окуу процессине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Бул багытта токтомго өзгөртүү киргизилип, бекитилди. 

Тактап айтканда мектептердеги башталгыч класстар үчүн салттуу 5 күндүк окуу режими сакталат.

Ал эми жогорку класстарга гана окуу жылынын ичинде кошумча 8 окуу ишембиси уюштурулат. Болжол менен бул айына бир гана жолу ишемби күнү сабак өтүлөрүн билдирет. 

Окуу жыл ичинде кайсы ишемби күнү окуу болорун мугалимдердин, ата-энелердин сунушун эске алуу менен уюштуруу сунушталат.