МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Нарын дарыясынын каскадындагы ГЭСтерди абалы менен таанышты
Новость

Бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Нарын дарыясынын каскадындагы үч ири гидроэлектростанциянын иши жана курулушу менен жеринде таанышты.

Алгач Министрлер Кабинетинин Төрагасы иштеп жаткан Камбар-Ата-2 гидроэлектростанциясында болду. Станциянын курулушу 1986-жылы башталган. 2010-жылдын 27-ноябрында 120 МВт кубаттуулуктагы №1 гидроагрегат ишке киргизилген. Учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан «Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү» долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында Камбар-Ата-2 гидроэлектростанциясына дагы 120 МВт кубаттуулуктагы №2 гидроагрегат орнотулуп, станциянын жалпы кубаттуулугу эки эсеге көбөйтүлөт. Мындан тышкары, Камбар-Ата-2 ГЭСинин дамбасынын үстүнө кошумча суу төгүүчү курулма орнотуу боюнча долбоор ишке ашыруу пландашууда.

Андан соң МинКаб башчысы Камбар-Ата ГЭС-1 объектисине барып, Нарын дарыясы аркылуу курулуп жаткан көпүрөнүн жана анын айланасындагы курулуш аянтчаларынын абалы менен таанышты. Учурда көпүрөнүн таяныч жана оң жээке өткөрүүчү темир конструкциялары орнотулуп, кирүү жолдору кеңейтилүүдө. Ошондой эле убактылуу курулуш базасы толукталып, негизги ГЭСтин курулушун баштоого даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Адылбек Касымалиев инфраструктуралык объекттерди өз мөөнөтүндө бүтүрүү боюнча тапшырма берди.

Мындан соң Адылбек Касымалиев Токтогул ГЭСинин реконструкциядан кийинки иштөө абалы менен таанышты. Маалым болгондой, «Токтогул ГЭСин реконструкциялоо» долбоорунун алкагында 2025-жылы станциянын бардык 4 гидроагрегаты көмөкчү жабдуулар менен бирге жаңы замамбап жабдууларга алмаштырылган. Мунун менен катар, азыркы учурда эскирген башкаруу панелдери заманбап санарип системасына алмаштырылууда жана Токтогул суу сактагычынын плотинасынын мониторинг системалары күчөтүлүп, сейсмикалык коопсуздук боюнча кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Сапардын жыйынтыгында, Министрлер Кабинетинин Төрагасы энергетиктерге күз-кыш мезгилине өз убагында даярдануу, гидротехникалык курулмалардын техникалык коопсуздугун камсыздоо жана тармактардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди.