Адылбек Касымалиев Ноокен районундагы жаңы оорукананын ачылышына катышты
Новость

Бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокен районунун Эргеш Алиев айыл аймагындагы Шамшидин Суеркулов атындагы жалпы дарыгердик практика борборунун Сакалды бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Республикалык бюджеттин эсебинен 79 миллион 319 миң сом каражат жумшалган жаңы имарат заманбап медициналык стандарттарга толук жооп берет. Бүгүнкү күндө бул бөлүмдө дарылоо, төрөт, балдар, гинекология жана медициналык реабилитация бөлүмдөрү иш алып барып, калкка керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Жаңы медициналык мекеме Эргеш Алиев айыл аймагынын 36 миң 979 калкын сапаттуу тейлөө менен камсыз кылат. Мурда эски имаратта кызмат көрсөткөн борбордун шарты жакшырып, калкка медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

«Айрыкча айыл жерлеринде медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Жаңы ачылган бөлүм калкка жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт», - деди өз сөзүндө Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле ал медицина кызматкерлеринин эмгек акысы акыркы жылдары бир нече жолу көтөрүлгөнүн, жаш адистерди даярдоо жана айылга тартуу үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп жатканын белгиледи. 

Иш-чаранын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы медицина кызматкерлерин жаңы имарат менен куттуктап, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча ийгиликтерди каалады.