Футбол боюнча Дүйнө чемпионатын жеринен алгачкы жолу чагылдырып жаткан УТРКнын жетекчилигине Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов ыраазычылык билдирди.
Анын айтымында, бул кыргыз спорт журналистикасы үчүн маанилүү жетишкендик.
"Биздин Улуттук телеканалыбыздын көрүүчүлөрүнө салам айтып кетейин. Улуттук телерадиокорпорациянын жетекчилигине ыраазычылык билдирем. Анткени футбол боюнча Дүйнө чемпионатын биринчи жолу кыргызстандык спорт журналисти жеринен чагылдырып жатат. Бул - чоң жетишкендик. Жаңы Кыргызстан үчүн, бутуна туруп келе жаткан Кыргызстаныбыз үчүн дагы бир кубаныч. Эми биз чет өлкөлүк репортаждарды гана көрбөстөн, өзүбүздүн журналисттер даярдаган, өзүбүзгө кызыктуу болгон окуяларды жеринен көрүп жатабыз. Бул дагы чоң жетишкендик", - деди Эдил Байсалов.
Ошондой эле ал футбол боюнча Дүйнө чемпионатына катышып жаткан Өзбекстандын улуттук курама командасынын оюндары жана мелдештин уюштурулушу Кыргызстан үчүн баалуу тажрыйба экенин белгиледи.
Айта кетсек, УТРК СПОРТ каналынын кызматкери Бакыт Табышев Дүйнө чемпионатын жеринен чагылдырып жатат.