Ошто коомдук тамактануу жайларын санариптештирүү салыктык түшүүлөрдү 60 пайызга жогорулатты
Новость

Ош шаарында коомдук тамактануу жайларына фискалдык программалык камсыздоону киргизүү оң натыйжасын берди. Пилоттук долбоордун алкагында ресторан, кафе жана тамактануучу жайлардын кирешесин так эсепке алуу системасы иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик Салык кызматынын маалыматы боюнча, жаңы система киргизилгенден кийин Ош шаарындагы коомдук тамактануу тармагынан түшкөн салыктар 60 пайызга көбөйгөн. Бул көрсөткүч ишкерлердин каржылык операцияларынын ачыктыгынын жогорулаганын көрсөтөт.

Пилоттук долбоор ушул жылдын март айынан тартып Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларында бир учурда ишке киргизилген. Долбоордун негизги максаты - тамактануу тармагын толук санариптештирүү жана көмүскө экономиканы азайтуу.

Жаңы фискалдык программа ишкерлерге накталай жана накталай эмес төлөмдөрдү автоматтык түрдө так эсепке алууга мүмкүнчүлүк берет. Ар бир сатуу чекиттен өтүп, Мамлекеттик Салык кызматынын базасына реалдуу убакыт режиминде жөнөтүлөт. Бул болсо кардар менен ишкердин ортосундагы эсеп-кысапты да тунук кылат.

Ош шаарынын мэриясы санариптештирүү ишкерлер үчүн кошумча жүк эмес, тескерисинче ачык жана тең атаандаштык шартты түзөт деп эсептейт. Азыркы учурда шаардагы коомдук тамактануу жайларынын 95%ынан ашыгы жаңы система менен иштеп жатат.