2026-жылдын 3-июлунда Бишкектеги "Жаштык Арена" спорт комплексинде профессионалдык бокс боюнча ири эл аралык турнир өтөт. Ага дүйнөлүк бокстун легендалары Эвандер Холифилд менен Александр Поветкин ардактуу конок катары катышат.
Бокс кечеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиевдин колдоосу менен уюштурулуп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Таиланд жана Кубадан келген спортчулар катышат.
Турнирдин алкагында сегиз беттеш өтөт. Анын экөө титулдук таймаш болсо, калган алтоо рейтингдик беттештер болот.
Кеченин негизги беттештеринин биринде кыргызстандык Ыктыяр Нышанов орусиялык Михаил Тарханов менен беттешип, жеңүүчүгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атайын куру ыйгарылат.
Экинчи титулдук таймашта кыргызстандык Акжол Сулайманбек уулу Таиланддын өкүлү Файом Кампее менен Кыргызстандын профессионалдык бокс лигасынын куру үчүн күч сынашат.
Мындан тышкары рингге Өмүрбек Бекжигит уулу, Даниэль Абдырахманов, Нурадин Рустамбек уулу, Мирзохид Имамназаров, Азизбек Ходжаев жана Анваржан Ходжиев чыгып, чет өлкөлүк атаандаштар менен рейтингдик беттештерди өткөрүшөт.
Турнирдин ардактуу конокторунун катарында Олимпиада чемпиондору Мухаммадкадыр Абдуллаев жана Канат Ислам да болот. Уюштуруучулардын айтымында, мындай эл аралык турнирлер кыргызстандык боксчулардын профессионалдык карьерасын өнүктүрүүгө, дүйнөлүк рейтингдерде өсүшүнө жана өлкөнүн спорттук байланышын чыңдоого өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын концерттик программасы саат 17:00дө башталып, профессионалдык бокс кечеси 18:00дөн 23:00гө чейин уланат.