Шашылыш билдирүү! Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлөт
Новость

Бүгүн, 29-июнда жакынкы бир сааттын ичинде жана күндүз Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй өрөөнүндө аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. 

Буга байланыштуу Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, аймакта күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.