Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын жээги боюнча Үсөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкеде жаңы жол куруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын уюштуруу пландалууда.
Долбоорду ишке ашыруунун алкагында курулуш иштерине тоскоолдук жараткан объектилер демонтаждалды. Анын ичинде:
1 жеңил типтеги объект;
9 жеңил тор конструкциядагы объект;
3 капиталдык тосмо.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында муниципалдык менчиктеги 2 620 чарчы метр жер аянты бошотулду.
Белгилей кетсек, бул иштер борбор калаанын жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу, заманбап шаардык мейкиндикти түзүүгө багытталган.