6-июлга чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт
Новость

6-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, көпчүлүк аймактарда кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. 

Бишкек шаарында күндүз абанын температурасы +27...+33 градус болушу күтүлүүдө. Ош шаарында да аптанын көпчүлүк күндөрүндө жаан-чачын болуп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +30...+35 градустун чегинде сакталат. 

Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз +27...+37 градуска чейин жылуу болот. Тоолуу райондордо жаан-чачын көп болуп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда күндүз +7...+18, түнкүсүн -3...+6 градуска чейин төмөндөйт.