Нарында курулуш мыйзамдарын бузган бир катар объекттер боюнча чаралар көрүлдү. Бул тууралуу курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан курулуш мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүүдө.
Анда айрым объекттерде архитектуралык-долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштерин жүргүзүү, ошондой эле объекттердин функционалдык багытын өз алдынча өзгөртүү фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, төмөнкү объекттер боюнча мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү протоколдор түзүлүп, чаралар көрүлдү:
-Ленин көчөсү 51/1 дарегинде жайгашкан “BORODA” чач тарачы;
-Ленин көчөсү 176г дарегинде жайгашкан “Либерти-Бар” эс алуу жайы;
-Ленин көчөсү 41 дарегинде жайгашкан дарыкана;
-Ленин көчөсү 41 дарегинде жайгашкан гүл дүкөнү;
-Ш. Мамбетов көчөсү 13 дарегинде жайгашкан “Кун Лун” кафеси;
-Тоголок Молдо көчөсү 7 дарегинде жайгашкан “Ажва” чайканасы;
-“Н2О” унаа жуучу жайы;
-Ленин көчөсү 98 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын административдик имараты.
Аталган объекттердин ээлерине жана пайдалануучуларына аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, курулуш жана шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын так сактоо милдеттендирилди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин буйругу менен бекитилген Жобого ылайык, курулуш иштерин баштоого чейин тиешелүү уруксат берүүчү документтер алынууга тийиш. Ошондой эле курулушу аяктаган объекттер белгиленген тартипте текшерилгенден кийин гана пайдаланууга берилүүгө тийиш.

