Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин тапшырмасына ылайык, 2026-жылы “Үркүн” окуясынын 110 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөөгө багытталган бир катар эскерүү жана илимий-маданий иш-чаралар өткөрүлөт.
2026-жылдын 8-августунда Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылында жайгашкан Үркүн окуясынын курмандыктарына арналган монументте эскерүү иш-чарасы уюштурулат. Андан соң иш-чаралар Аламүдүн районундагы “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде улантылып, анда куран окутуу менен коштолгон митинг-реквием жана тарыхый эс тутумду сактоого багытталган башка коомдук иш-чараларды уюштуруу пландалууда.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 6–7-ноябрында Тарых жана ата бабаларды эскерүү күнүнө карата “Үркүн” окуясынын 110 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Конференциянын алкагында ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулардын катышуусунда Үркүндүн тарыхый себептери, кесепеттери, анын улуттук эс тутумдагы орду жана азыркы илимий изилдөөлөрдүн актуалдуу маселелери талкууланат.
Илимий форумдун маданий программасына Үркүн темасына арналган театралдаштырылган спектакль, көргөзмөлөр жана башка маданий иш-чаралар киргизилет.
Аталган иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Прездинетинин Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен бир катар мамлекеттик жогорку окуу жайлар уюштурушат.
“Үркүн” окуясынын 110 жылдыгына арналган бул иш-чаралар тарыхый адилеттүүлүктү даңазалоого, курман болгондордун элесин урматтоого, ошондой эле улуттук тарыхты терең иликтөөгө жана келечек муундарга жеткирүүгө багытталган.