Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылында 98 миллион сомго жаңы мектеп курулуп бүттү. Бул тууралуу курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашылды. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн.
Аянты 1 236 чарчы метр болгон имаратта окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана жана спорт залы каралган. Окуу жылдын башталышы менен 600гө жакын бала окуй алат.