Ошто климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан уникалдуу бала бакча ачылды
Новость

Бүгүн, 30-июнда Ош шаарындагы №76 Курманжан-Датка бала бакчасы  модернизациядан кийин ачылып, пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, бала бакча жамааты жана ата-энелер катышты. 

Өз сөзүндө Масуда Айдарбекова  тыгыз кызматташтык үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, жаңыланган бала бакча менен ата-энелерди, тарбиячыларды куттуктады. 

 Бала бакчаны реконструкциялоо иштери ЮНИСЕФтин “Климаттык бизнес-модель” демилгесинин алкагында жүргүзүлдү. Бул долбоордун алкагында бала бакчаны мурда көмүр менен жылытуу абаны булгап, кышында температура кескин өзгөрүп турса, эми орнотулган жылуулук насосторуэлектр энергиясы менен иштеп, көмүрдү колдонбойт. Бул зыяндуу түтүндү азайтып, абаны таза, температураны туруктуу кармайт.