Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты болуп майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүү саналат.
Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
– кадрлар резервине, анын ичинде майыптыгы бар, ушул Мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандары жеке арызынын негизинде конкурстан тышкаркы тартипте кирет;
– мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси майыптыгы бар, ушул Мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын кадрлар резервинен бош кызмат орунга дайындоо жолу менен майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн квота берүү ченемдерин аткарууга милдеттүү;
– кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлерди тандоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.