Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел коркунучу сакталууда. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
2026-жылдын 1-июлунан 5-июлуна чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталат. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Буга байланыштуу жарандарга сак болуу, сел жүрүү коркунучу бар аймактарга барбоо жана коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталат.